Себетте 0 товар(лар) - 0 cом

  • «Ачык кат»

«Ачык кат»

  • Товардын коду: KH01670
  • Сатууда: Бар
  • 200 cом



Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф рахимахуллахтын каламына таандык «Ачык кат» китеби сатууга чыгарылды.


Бүгүн мусулман ааламы өз тарыхындагы эң оор доорлордун бирин башынан өткөрүүдө. Миңдеген күнөөсүз инсандардын каны төгүлүүдө.

Мусулман үммөтү ушул күнгө чейин бүгүнкүдөй татаал жана карама-каршылыктуу акыбалга дуушар болбогон болчу. Бул кайгы-балээлердин булагы – диний илимдин жоктугунан жана диний сабатсыздыктан келип чыгууда. Дал ушулар илимсиздиктин, диний сабатсыздыктын наадандыктын Ислам үммөтүндөгү келишпестиктерге жана карама-каршылыктарга себеп болууда.


Бул көйгөйлөр жөнүндө көбүрөөк журналисттер, саясатчылар жана укук коргоо органдары ой-пикирлерин айтышып келишүүдө, бирок, өкүнүчтүүсү, алардын Ислам жөнүндөгү билимдеринин чектелгенин себебинен, кырдаалды калыс жана терең баалоодо кыйынчылыктарга туш келишүүдө.


“Ачык кат” китеби заманабыздын эң улуу аалымдарынан бири, пазилетүү шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттеринин эң соңку китептеринен бири болуп саналат.


Китеп төрт негизги бөлүктөн турат:
1. Биринчи бөлүктө террористтик агымдардын пайда болуу тарыхы, куралдуу топтордун пайда болуусуна себеп болгон шарттар жана жагдайлар баян кылынган.
2. Экинчи бөлүктө аталган көйгөйгө тиешелүү фыкыхтык өкүмдөргө арналган.
3. Китептин үчүнчү бөлүгү мусулман ааламынын 126 кадырлуу аалымдары кол койгон “Ачык каттын” текстинен турат.
4. Китептин соңку, төртүнчү бөлүгүндө Ислам тарыхында болуп өткөн жана бүгүнкү күндөгү болуп жаткан окуялардын себептерин жана акыбеттерин туура баалоого жардам бере турган мисалдар келтирилген.

Урматтуу достор! Аллах тааланын жардамы менен сиз ушул китептен Ислам дүйнөсүнүн бүгүнкү күнүндөгү көйгөйлөрүнүн себептери жана чечимдери жөнүндө пайдалуу маалыматтарды аласыз жана өзүңүздү тынчсыздандырып келе жаткан көптөгөн суроолорго жооп таба аласыз деген үмүттөбүз.

 

Автор: Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф
Аталышы: «Ачык кат»
Басма кана: «Ризван» басма канасы
Жылы: 2016
Көлөмү: 248 бет
ISBN: 4
Өлчөмү: 84×108 1/32

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын 17.05.2016-жылы №31 уруксаты менен басып чыгарылды.

Мазмуну:


Сөз башы
Кайгылуу абал
Ислам – тынчтык дини
Террорга тиешелуу кабарлар
Террордун тарыхы
Катаны тууралоо багытындагы аракеттер
Иститаъа фыкхы
Ислам шарияты инсанга оордук эмес,
жеңилдик келтирген
Шарияттык милдеттенмелерге чыдамдын жетүүсү шарт кылынган
Жогоруку макам мисал жана чындык
Амри маьруф, нахий мункар да
иститаьага карап болот
Натыйжага карап иш кылуу зарыл
Жеңилдик тарабы дайыма жогору турат
Шашмалык – зыяндуу адат
Орточолук– эң зарыл касиет
Жолун тапса, келишим да жеңиш болот
Иститаъа фыкхы жана фыкыхтык эрежелер
Зыянды жок кылуу тууралуу эрежелер
Тарчылыкты көтөрүү жөнүндөгү эрежелер
Жыйынтык
Ачык кат
Жыйынтык
Тарыхтын мусулмандарга ачык каты
Азыркыга окшош жагымсыз акыбалдар,
тарыхта да болгонбу?
Соңку сөз ордунда

Сунуш жазуу

Сураныч кириңиз же Катталыңыз

Бөлүмдөр

"Ачык кат" жана "Дин-насыйкат" китептеринин бет ачар аземи